Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:55

Аскар Акаев билдирүү таратты


БИШКЕК. Мурунку президент Аскар Акаев уулу Айдар Акаевди кылмыш жообуна тартууга уруксат берүү маселеси 19-сентябрда Жогорку Кеңеште карала тургандыгына байланыштуу билдирүү таратты. Анда экс-президент Ысыккөл жээгиндеги 58 гектар жерге курулуп жаткан үйгө уулу Айдардын тиешеси жок экендиги, ал үйдү Аскар Акаев өзү жеке каражаты менен курууга аракеттенгени белгиленген. Бул тууралуу Акаевдардын адвокаты Максим Максимович 17-сентябрда билдирди. Анын айтымында, бул билдирүүнү ал 19-сентябрда парламентте сөз сурап, жарыялоого аракет жасайт. Башкы прокуратура Айдар Акаевге байланыштуу беш кылмыш ишин козгоп, аны кылмыш жообуна тартууга аракеттенүүдө.

XS
SM
MD
LG