Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:10

АЗАМАТ АЛТАЙ 85 ЖАШТА


Мындан жарым кылым илгери, 1953- жылдын 18- мартында айтылуу Азамат Алтай (Кудайберген Кожомбердиев) диктатор Иосиф Сталиндин өлүмү тууралуу серепти кыргыз тилинде маалымдап, «Азаттык» үналгысынын кыргыз редакциясынын тушоосу кесилген. Жакында «Азаттык» үналгысын негиздеген Азамат Алтай агайбыз 85 жашка толду.

Туз, насип буюруп былтыр Нью-Йоркто өткөн эл аралык спорт журналистер ассоциациясынын Конгрессине Кыргызстандан делегет болуп барып, «Азаттык» үналгысынын негиздөөчүсү Азамат Алтайга жолуккан элем. Ошондо бул үналгыны кантип уюштурууга катышканы тууралуу Азамат Алтай буларды айткан:

- “Азаттык” радиосун биз Туркестандын атынан курдук. “Азаттык” радиосунун биринчи директору казак болду. Орунбасары өзбек. Мен болсо спикер элем. Кыргыздардыкы түркмөндөрдүкүнөн бир аз жогору эле.Түркмөндү катчы кылып, төрт киши менен “Азаттыктын” алгачкы берүүлөрүн баштадык. Кандай гана кыйын күндөрдү баштан өткөрсөк да кыргыз деген атты, намысты сактап калдык.

Азамат Алтай менен маектешкен учурда чет жерде жүрсө да Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу 5 миңден ашуун китеп жыйнаганын, Кыргызстан жөнүндө маалыматтарды дүйнөлүк маалымат булактары үчүн даярдап жазып бергенин, Чыңгыз Айтматов менен Бүбүсара Бейшеналиева жана башка кыргыз маданият ишмерлери тууралуу Батышка кеңири маалымдаганын айтып берген эле. Азамат агай лотереядан 1 миллион франк утуп алганда да өз камын ойлобой ошол сумманын жарымын түрколог окумуштууга берип, «Кыргызстан жөнүндө чындык маалыматтарды чогултуп, изилдеп жазып чык» деген. «Мурда баары эл душманы деп жаа боюу менден качса, эгемендүүлүк алганы баары мага салам берип келишет», - деген Азамат Алтай.

«Азаттык» үналгысынын кыргыз редакциясын уюштурган Азамат Алтай агабыз жакында эле 85 жашка толду. Кыргызстандагы акын-жазуучулар, жакын санаалаштары маалымат каражаттары аркылуу куттук айтып, Азамат Алтайдын эмгеги учурунда жана азыркы мезгилде да татыктуу баасын ала электигин айтышты.

Азамат Алтайдын Нью-Йорктогу үйүндө болуп, анын өздүк архиви менен таанышып, китепканасынын айрым бөлүгүн Кыргызстанга алып келген Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлыктын ээси Бексултан Жакиев мындай дейт:

- Биз билебиз, ал кишини гезиттерде көп жолу аябай жамандады, ЦРУнун агенти, чыккынчы деп. 1991-жылы Азамат Алтайдын үйүндө бир айча жүрүп калдым. Архивинин баарын аңтардым. Бир топ китептерин, архивин ала келдим. “Азаттыктын” макалаларын карап олтуруп, эмне үчүн бул кишини жамандаганын, эл душманы деп жарыялаганын ошондо түшүндүм. Себеби, биринчиден, биздин чоңдордун ката иштерин, кемчиликтерин көп айтышкан экен. Экинчиден, бизде жашырган чындыкты алар айтып турган. Архиви менен таанышып, көзүм бир нерсеге жетти. Бул кишидей патриот кыргызды ушундай кадырлаган, сыйлаган, кыргыз жерин жанындай жакшы көрүп, сүйгөн кыргыздар айрыкча азыр жок болуп баратат. Азамат Алтай жөн эле кыргызды жакшылай бербей кыргыздын рух дөөлөттөрүн, маданиятын, тарыхын бөлөк элдерге таратып келген. Көптөгөн эмгектерине учурунда өзүнүн аты жазылбай калган. Кыргыздар, Кыргызстан жана Борбор Азия тууралуу көп маалыматтарды башка авторлорго, китепканалар үчүн даярдап берген. Муну Азамат Алтайдын архивдеринен көрдүм.

Азамат Алтайдын алыста жүрүп Кыргызстанды таанытууга чоң үлуш кошконун, анын эмгегин баалап, көзү тирүүсүндө сый-урмат көрсөтүлүп, айылындагы мектебине атын, жашаган көчөсүнө ысымын берип, кыргыз радио журналисттери үчүн сыйлык берилсе дурус болоор эле деген пикирин айтуу менен Кыргыз эл жазуучусу, Токтогул атындагы сыйлык ээси Кеңеш Жусупов мындай деди:

- Эми Азамат Алтай деген кыргыздын тарыхында кала турган улуу инсаны. Совет доорунун бүт кемчиликтерин ошол киши бетке айтты. Көзүбүздү ачты. Саясатчылар, деле бардык радио уккан элдер жашырынып болсо дагы Азамат Алтайдын үнүн угуп жатканын өз көзүм менен көрүп, күбө болгом. Эки-үч сапар жолуктук, чер жазыша сүйлөштүк. Эгерде өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, армяндарда ушундай инсаны болсо, алар эчак даңазалап көтөрүп кетмек. Азыркы учурда Азамат Алтай 85 жашка чыгып жаткан жашында кыргыздар эмгегин баалап, биз ал кишиге бир сыйлык, урмат көрсөтүшүбүз керек эле. “Манас” орденинин берсек жарашмак. Анан да кыргыз радиожурналистикасында конкурс уюштуруп, ошол кишинин атындагы бир сыйлыктарды уюштурса эмне үчүн болбосун?!

Кыргызстанда Азамат Алтайдын китеп көргөзмөсүн, китепканасын уюштуруу демилгесин көтөрүп жүргөн инсандар да бар. Азамат Алтайдын эмгеги, журналистикага кошкон салымы тууралуу алдыда дагы далай кеп болоор...

«Азаттык» үналгысынын жамааты да Азамат Алтайды 85 жашка толушу менен куттуктайт.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG