Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:41

ТОО, КАРЫЗ, ДЕМОКРАТИЯ...


Улуттар уюмунун уюшулганынын 60 жылдык мааракесине арналган чоң жыйында чыгып сүйлөгөн Кыргызстандын президенти жаңы бийлик жакырчылыкты жоюу, коррупциянын тамырын кыркуу милдетин өзүнө алганын билдирди. Бирок да бул иштин өтөлүнө чыгыш үчүн өкмөткө каржылык колдоо керектигин, тоолуу өлкөлөрдүн карыздарын азайтуу сунушун айтты.

Улуттар уюмунун чоң жыйынында президент К. Бакиев март ыңкылабынан кийинки Кыргызстандагы саясий-экономикалык жагдайга учкай токтолуп, алдыга коюлган максат-милдеттерди аткарууга олчойгон тышкы карыздар чоң будоо болуп атканына токтолду. Карыз жүгүн жеңилдетип, тоолуу өлкөлөрдүн өсүшүнө көмөк көрсөтүүгө чакырды. Улуттар уюмунда козголгон байманалуу өлкөлөрдүн улуттук дүң проуктунун 0,7 пайызын жакыр мамлекеттерге үлөштүрүп берүү демилгеси колдоо таап кетсе, кедейликтен кутула албай келаткан өлкөлөрдүн экономикалык өнүгүшүнө кыйла огожо болмок.

Кыргызстандын Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаева Улуттар уюмунун 60 жылдык мааракесине арналган чоң жыйын тууралуу кыскача маалымдап, Кыргызстандын сунушун момундайча чечмеледи:

- Президент өз ара байланышкан эки маселе – коррупцияга каршы күрөшүү, кедейликти жоюу туурасында сүйлөдү. Биздин жакырчылыкты азайтуу үчүн аракетибиз, албетте, каржылык колдоону талап кылат. Белгилүү финансист Жорж Сорос ошондо мыкты өкмөт болушу керек, аткаруу бийлиги тың болгондо гана жакырчылык жоюлат деп айтты.

Буга чейин Кыргызстанда 9 ирет алмашкан аткаруу бийлигинин азыркы абалы деле алымсынарлык эмес. Өкмөт тууралуу мыйзам кабыл алынды, бирок да өкмөт түзүмү эмдигиче эки бийликтин тирешүүсүнөн так аныктала элек. Парламент депутаты Таирбек Сарпашев кечээки коммунисттик-партиялык чиновниктердин бүгүнкү демократиялык аракет-кыймылдарында туруктуу ыраат жок деген пикирде:

- Негизинен ал оркоюп эле көрүнүп атат. Аткаруу бийлигинин бүгүнкү күндө башында эски коммунисттер, коммунист болуп жүрүп демократиянын кой терисин жамынып алгандар, анан А. Акаевдин тушунда А. Акаевди мактап-жактап, анын туфлисин бетаарчысы менен аарчып жүргөндөр бүгүн келип алып баарын жамандап, өздөрү кезинде коррупционер болгонуна карабай коррупцияга каршы күрөшөбүз дешип, бийликке келгенден кийин кайрадан тетири сүйлөп аткандарды деле көрүп жатабыз.

Ушундай эле пикирин белгилүү саясат таануучу Карыбек Байбосунов да билдирди:

- Сырткы карыздар менен коррупцияга каршы күрөш, демократия маселелери – бул ар башка маселелер. Ошондуктан аларды аралаштырып кереги жок.

Конституицялык кеңешменин мүчөсү Өмүрбек Абдырахманов Кыргызстанда азырынча демократиялык баалуулуктар коомдук ички зарылдык катары көрүнө элек, аны дагыле АКШ тарабынан тартууланган көрүнүш катары кабылдоо күчтүү дейт:

- Батыш мамлекети, Американын таңуулаган нерсеси катары көрөбүз. Эң биринчи биз сезишибиз керек. Демократия бул биздин жакшы жашообузга керек болгон нерсе. Ошол демократиялык процесстер жүрсө турмушубуз оңолот. Эгер ал процесстер жүрбөсө жашообуз оңолбостон кала берет.

Тоолуу өлкөлөрдүн карызын кечип ийүү, оор жүктү жеңилдетүү шартын иштеп чыгуу демилгеси кыйладан бери эле аркыл Эл аралык жыйындарда коюлуп келатат.

Азырынча өкмөттүн коррупцияны жоюу, кедейликти кыскартуу тууралуу сестүү билдирүүлөрүнөн башка конкрет иши көрүнө элек. Март ыңкылабынан бери милдетин аткарып отурган аткаруу бийлик өкүлдөрүнүн эртең өз ордун сактап калар-калбасы да арсар. Аны Роза Отунбаева мындайча түшүндүрдү:

- Туура эмес иштегени, биз ошол жерде катуу ант бергенбиз. Мына азыр болсо коррупция маселеси менен төш тирешип турабыз. Болбосун азыр деп атабыз. Туура эмес иштер болсо бетке айтып атабыз. Анан эми жакпаса эмне кылабыз, бул өзү күрөш-талаш экен да.

XS
SM
MD
LG