Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:19

АКШдагы урагандан кыйраган шаар тургундарын кабыл алууга али даяр эмес


АКШнын “Катрина” ураганынын астында калган Жаңы Орлеан шаарындагы кырсык кесепеттерин жоюуга көзөмөл салуу кызматынын вице-адмиралы Тэд Ален шаардын тургундарын үйлөрүнө кайра кайтаруу азырынча эртелик кылаарын билдирди. Анын айтымында, тургундардын коопсуз жашап кетишине азырынча жагдай жол бербейт. Ал эми шаардын мэри алдыдагы 10 күндүн ичинде Жаңы Орлеандын 180 миң тургунун кайра көчүрүп келүүгө чакырган болчу. Ал эми шаарда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жаткан аскерлер шаардагы сууну октябрда гана толук сордуртуп бүтүшөөрүн мурда кабарлашкан.

Дүйнөлүк таңкы кабарларды Прагадан Бүбүкан Досалиева даярдады

XS
SM
MD
LG