Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:52

Аксыда да митинг өттү


ЖАЛАЛАБАТ. Үч миңдей адам катышкан митинг Азимбек Бекназаровдун башкы прокурорлук кызматтан алынышына катуу нааразылык билдирди. Бекназаровдой таза адамдар турганда гана бийлик элге кызмат кылаарын белгилешип, экс-башкы прокурор Карасуудагы окуяларга жоопкер болсо, президент К. Бакиев Аксы окуясында курман болгон алты баланын өлүмүнө жоопкер деп айтышты. Мындай маалымат Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин Түштүк аймагындагы координатору Кубанычбек Маматкеримовдон алынды. Укук коргоочунун билдирүүсү боюнча, 12 айыл өкмөттүн эли катышкан нааразылык акциясы Азимбек Бекназаровду өз кызматына тез арада калыбына келтирүүнү талап кылган кайрылууну кабыл алды. Кайрылуу менен кошо президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Феликс Куловдун атына жана президенттик администрацияга телеграмма жөнөтүлдү. Анда элдин талабы 21-сентябрга чейин аткарылбаса, Жалалабат-Бишкек шаарларына көздөй жөө жүрүшкө чыгып, ар түрдүү саясий акцияларды баштаары эскертилди. 21-сентябрда райондун Каражыгач айлында мындан да чоң митинг өткөрүлөрү жарыяланып, ага президент К. Бакиевден өз өкүлүн жиберүүсүнө өтүнүч болду. Облустун губернатору чакырылды. Облустук ички иштер Башкармасы митинге 600-700 адам катышканын билдирди.

XS
SM
MD
LG