Африканын Нигерия мамлекетининин жетекчилиги бүгүн жарыялаганга караганда, август айынан бери өлкөнүн түштүк аймактарында бир нече арстан адамдарга кол салууда. Жыйырма киши өлдү жана дагы жети жүз элүүгө жакын үй жаныбарын арстандар чайнап салган. Азыр мергенчилер арстандарды атып өлтүрүүгө аракеттенүүдө.
Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады
Соңку эл аралык кабарларды Прагадан Нарын Айып даярдады