Литванын тышкы иштер министрлиги бүгүн дагы бир жолу Маскөөнүн талабын четке кагып, өлкө аймагына кирип кеткен орусиялык учкучту Маскөөгө өткөрүп берүүдөн баш тартты. 15-сентябрда орусиялык Су-27 деген аскерий учак кыйрап, Литванын аймагына түшкөн жана анын учкучу майор Валерий Троянов азыр Литванын коопсуздук кызматынын колунда.