Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Иран өзөктүк программасын улантаарын айтууда


Иран өзөктүк программасына байланыштуу иш БУУнун Коопсуздук кеңешинин кароосуна бериле турган болсо МАГАТЭнин инспекторлору үчүн бардык өзөктүк ишканалар жабылат деп коркутту. Ал тууралуу Ирандын жогорку мартабалуу өкүлү Али Лариджани: “Эгер кимдир бирөө бизди коркутуп, маселени Коопсуздук Кеңештин кароосуна берүүгө ниеттенсе, биз Натанцедеги уранды байытуу ишканасын кайра ишке киргизебиз. Эгер силер күч менен сүйлөшүүнү кааласаңар бизге өзөктүк куралдарды жайылтпоо келишиминин алкагынан чыгып, уранды байытуу иштерин жандантуудан башка арга жок” - деп, сүйлөшүүгө Иран даяр экендигин билдирди. Ал эми Европа Биримдиги иш Коопсуздук Кеңеште каралсын деген резоюциянын долбоорун МАГАТЭге берди. Кытай менен Орусия Ирандын өзөктүк программасынын тагдыры МАГАТЭнин алкагында чечилиш керек, деп билдирди.

XS
SM
MD
LG