Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:42

КОҢУР КҮЗДӨГҮ САЯСИЙ ОЮНДАР


Кыргызстандын Башкы прокурору А.Бекназаров кызматтан алынды. Парламент Айдар Акаевди депутаттык колтийбестиктен ажыратуу тууралуу чечим кабыл алды. Күйүүчү майдын баасы кымбаттоодо. А.Акаевдин 14 жылда тапкан кирешеси 33 миллион ашуун сомду түзөт. Кыргыз гезиттеринде ушул өндүү темалар негизги орунду ээледи.

20-сентябрдагы «Кыргыз туусу» гезити Мырзакат Тыналиевдин «Бекназаровдун ишинде саясат жокпу?» деген макаласын жарыя кылды. Президенттик акимчиликтин комиссиясы «ишинин натыйжасы жөнүндө справканы президентке көрсөтүшкөндөн кийин «Алай» мейманканасындагы кылмыш ишин тергөө, А.Жунусов менен Абдиевдин өлтүрүлүшү боюнча ишти тергөө учурунда жеке кызыкчылыгын көрсөткөндүгү жана комиссиянын объективдүү иштөөсү үчүн тоскоолдук кылгандыгы, укукка жат аракеттерге жол бергендиги, кылмыш процесстик мыйзамдарды одоно бузгандыгы үчүн А. Бекназаров менен Н. Жээналиевди кызматтан бошотуу боюнча Указга кол коюлган», деп кабарлайт макала автору.

Кызматтан алынар күнү А. Бекназаров Айдар Акаевди депутаттык колтийбестиктен ажыратуу маселесин караган парламент жыйынына катышканын Н. Назаралиева маалымдайт. «Бекназаров баягыдай эле күч структураларынын башчылары дайындалбай «абада калкып» турганы үчүн да кемчиликтер бар экенин моюнга ала сүйлөдү», - деп жазат гезит кабарчысы.

Ыңкылаптын ынтаалуу демилгечисин кызматтан алышканына шаршембидеги «Аргументы и факты Кыргызстан» апталыгы да токтолду. Акыйкатта да март окуяларында анын орду чоң болду. Эски бийликтин мыйзамсыз иштерин ачып жаткан А. Бекназаровдун кызматтан алынышы күтүүсүз окуя болду, деп белгилейт гезит автору Д. Орлов.

Парламент жыйынында экс-президент А. Акаевдин каты тууралуу сөз болгону да көпчүлүк гезиттерде чагылдырылды. Мурдагы мамлекет башчы кызматта турганда 33 миллион 433 миң сом киреше таап, аны аялы экөө салып жатышкан үйүнүн курулушуна жумшаганын билдирген. А. Бекназаров Акаевдерге тиешелүү байлык жарым миллиардга жакын сомду түзөрүн, анын 100 миллион сому мамлекетке кайтарылганын «Эркинтоо» гезити кабарлайт.

Н. Мотуевдин Каракече көмүр кенин басып алышынын натыйжасы кандай болгонуна 20-сентябрдагы «Кыргыз руху» гезити токтолду. Басылманын ырасташынча, «кеп Мотуев мыйзам бузганында эмес. Кыргызстанда мыйзам деген капкачан эле буйлалаган төө болуп калган. Топтошуп топурап келип саясий бийлик Акүйдү, облустук, райондук администрацияларды, сот-милисанын имараттарын алып койсо болот. Ушул жол менен бийликке ээ болуп алса болот». Айтса, Каракече темасына «Аалам» гезити да кайрылган.

Кыргызстандын азыркы абалы Фрунзе атындагы айыл чарба машиналарын куруу заводуна окшош. Эски заводдон эч нерсесин калтырбай ташып чыгып кетишти. Азыркы өкмөттүн жакын арада 20-30 жаңы завод куруп, 500 миңдей кишини иш менен камсыз кылуу жөнүндөгү убадасына эч ким ишенбейт. 70 жыл курулганды 15 жыл талкалап жок кылып, эми жаңысын салабыз деш тек элди жооткотуу. Кыргызстандын болочок тагдыры өтөле оор, дейт саясат таануучу Токтогул Какчекеев «Кыргыз руху» гезитиндеги маегинде.

«Слово Кыргызстан» гезити Кыргызстан коомдук-саясий кыймылынын атынан Алишер Абдимомуновдун жаңы өкмөт түзүмү боюнча долбоорун жарыялады. Экс-депутаттын долбоорунда 16 министрлик сунуш кылынган. Министрликтин алдында баш-аягы 30 ашуун кызматтар, агенттик, фонддор, департаменттер түзүлмөкчү.

Дүйнөдө мунайдын баасы асмандап баратат. Кытайдын CNPC компаниясы Кыргызстанга күйүүчү май сатуучу Шымкент мунай иштетүү заводунун контролдук пакетин сатып алуу аракетин жүргүзүүдө. Эгер ал ишке ашып кетсе Кыргызстандын жетиштүү күйүүчү май менен камсыз болушу кыйла оорлошот, деп жазат Базарбай Мамбетов. 4 айдан бери бензиндин баасын бир деңгээлде кармап турган Кыргызстан ишкерлери эми бааны жогорулатышка мажбур, дейт Б.Мамбетов.
XS
SM
MD
LG