Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:12

Баткенде чукул кырдаалдар боюнча машыгуу өтүүдө


БАТКЕН. Экология жана чукул кырдаалдар министрлиги тарабынан уюшулган бул машыгуу үч күнгө созулмакчы. Анын максаты - жарандарга табигый кырсык болгон учурда алгачкы жардам көрсөтүү, тополоңго түшпөй жыйнактуу болууга үйрөтүү. Баткенде биринчи жолу өткөрүлүп жаткан бул машыгууга облустун бардык район-шаарларынын, мекеме-ишканаларынын жетекчилери катышып, атуулдарга жер титирөө, сел каптоо, көчкү жана башка табигый кырсыктар болгон учурда башаламандыкка барбоо үчүн өзүлөрүн кандай алып жүрүү керектиги үйрөтүлдү. Бул тууралуу “Азаттыкка” 21-сентябрда облустук жарандык коргонуу бөлүмүнүн башчысы Турсунбек Сейдикеримов билдирди.

XS
SM
MD
LG