Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:49

Парламентти таратуу максатында кайрадан кол чогултулушу ыктымал


БИШКЕК. Парламентти таркатуу үчүн кол топтоого уруксат берилген күбөлүк «Эркиндик» саясий партиясына берилгендигин билүү үчүн Борбордук шайлоо комиссиясы юстиция министрлигине кайрылды. Бул тууралуу БШК төрагасы Туйгуналы Абдыраимов Жогорку Кеңештин комитет отурумунда билдирди. Мыйзам боюнча демилгечилерге уруксат берилгенден кийин БШК партияга кол топтоо үчүн атайын расмий баракчаларды тапшырат. Ал эми партия төрагасы Топчубек Тургуналиевдин маалыматына караганда, кол топтоого уруксат берген күбөлүктү юстиция министрлиги партиянын 27 өкүлүнө берди, ошондуктан, кол топтоо уланат. Демилгечилер буга чейин 200 миңден ашык кол чогулгандыгын маалымдаган. Ал эми Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын колу атайын даярдалган расмий баракчаларга коюлбагандыктан, ал мыйзамсыз болот деп эсептөөдө.

XS
SM
MD
LG