Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:28

АКШнын ЖЭЭГИНЕ "РИТА" УРАГАНЫ ЖАКЫНДООДО


АКШнын түштүк-чыгыш жээктерине жакындап келе жаткан "Рита" ураганына коркунучтун эң жогорку - бешинчи категориясы ыйгарылды. Шамалдын ылдамдыгы урагандын очогунда саатына 280 чакырымдан ашат. Бороон АКШнын жээктерине ишемби күнү эртең менен жетери күтүлүүдө. Техас жана Луизиана штаттарынан бир миллиондон ашуун адам көчүрүлүп жатат.

АКШнын Луизиана штатынын Жаңы Орлеан шаары жакында эле жабыр тарткан "Катрина" ураганына адистер коркунучтун төртүнчү категориясын ыйгарышкан эле. Эми "Рита" ураганына коркунучтун эң жогорку - бешинчи категориясынын берилиши, демек шамалдын ылдамдыгы андагыдан күчтүү дегенди билдирет. Дегеле буга чейин АКШнын материктик бөлүгүнө 5 - категория ыйгарылган урагандан үчөө гана жеткен экен.

Президент Жорж Буш кечээ бороонго кабылаары күтүлүп жаткан аймактын тургундарын жаралган коркунучка олуттуу мамиле кылууга чакырды:

- Биз "Рита" ураганы талкалагыч болбосун тилейбиз жана үмүттөнөбүз. Бирок биз жамандыкка да даяр болушубуз абзел. Жаңы Орлеанга жана Гальвестонго милдеттүү көчүрүү жөнүндө көрсөтмө берилди. Мен жарандарды мамлекет жана жергиликтүү бийлик тарабынан берилген нускоолорду жакшылап угуп, аларды аткарууга чакырам.

Луизиана штатынын Жаңы Орлеан, Техастан Гальвестон, Корпус Кристи жана эң ири Хьюстон шаарынын айрым бөлүктөрүнөн баары болуп, 1,3 миллиондой адам көчүрүлүүдө. Бир миң адамдын өмүрүн алган "Катрина" ураганынан жабыр тарткан Жаңы Орлеандын айрым тургундары шаарга жаңы эле кайта башташкан болчу.

Техас штатынын эң жээктеги Гальвестон шаары ураганга тикелей кабылчудай. 58 миң калкы бар бул порттук шаар бүгүн иш жүзүндө бош. Андан Хьюстонду көздөй кеткен жол автоунааларга жык толгон. Гальвестондо мындан бир кылым ашуун мурун 1900-жылкы урагандан алты миң адам каза тапкан эле. Бул АКШнын тарыхындагы эң ири жаратылыш кырсыгы катары белгилүү.

"Рита" Атлантика океанында быйылкы сезондун 17-ураганы. Аларга метереологдор 1851-жылы байкоо сала баштагандан бери быйыл ураган эң көп катталган төртүнчү жыл деп эсептелүүдө. Адатта урагандын сезону 30-ноябрда аяктайт.

Урагандан америкалыктардын турмуш-тиричилигине гана эмес экономикага да таасири тийчидей. "Рита" Техас менен Мексика булуңундагы негизги мунай жайларды талкалайт деген коркунучтан улам кара майдын баасы кайрадан өстү. Техаска АКШдан чыккан мунайдын чейрек бөлүгү туура келет. Бийлик өкүлдөрүнүн айтымында, азыр Мексика булуңундагы мунай өндүрүшүнүн 70 пайыздан ашууну токтоду.
  • 16x9 Image

    Улан Алымкул уулу Эшматов

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, саясат жана экономика тармактары боюнча адис. Кыргыз улуттук университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG