Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Аба ырайы


БИШКЕК. Бишкектеги метеорологиялык борбордон алынган маалыматка караганда, 23-сентябрда Кыргызстандын аймагы боюнча ала булут каптап турат. Айрым жерлерде жамгыр жаайт. Бийик тоолуу аймактарга кар түшөт.

Абанын температурасы:

Талас жергесинде түнкүсүн +3...+8, күндүз +19...+24 градус жылуу. Баткен, Жалалабат, Ош облустарында түнкүсүн +10...+15, күндүз +22...+27 градус. Ысыккөл ойдуңунда түнкүсүн +6...+11, күндүз +16...+21 градус жылуу. Тоолуу Нарын аймагында түнкүсүн +3...+8, күндүз +17...+22 градус. Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +8...+13, күндүз +20...+25.

Борборубуз Бишкекте жаан жаабайт. Батыш тараптан салкын жел жүрөт. Абанын температурасы түнкүсүн +10...+12, күндүз +21...+23 градус.

Күндүн узактыгы 12 саат, 08 мүнөт.

Кабарлар топтомун Бурулкан Турдубек кызы, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор – Шайырбек Эркин уулу

XS
SM
MD
LG