Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:40

БАЯМАН ЭРКИНБАЕВДИН АМАНАТ КАТЫ


Апта соңунда чыгып аткан басылмалардын дээрлик баарында парламент депутаты Баяман Эркинбаевдин киши колдуу өлтүрүлүшү, депутаттардын шашылыш жыйынында айтылган пикирлерге орун берилген. Айрым басылмалар «Gazeta Kg » интернет баракчасынан алынган Баяман Эркинбаевдин «Мен өлүмдөн коркпойм – айтчумду айттым» деген аталыштагы аманат катынын текстин жарыялашты.

Калабалуу окуянын бир күнү болорун сезип, депутат Баяман Эркинбаев буга чейин ал тууралуу айтылып келген аңыз кептерге чекит коюп, Кыргызстанды тооруп алган тополоңдордун себеп-жөнүнө, артында кимдер турганына токтолгон. 24-марттагы бийлик алмашуусун чын ынтаасы менен кабыл алып, бирок да кызмат бөлүштүрүүдөн ары көтөрүлө албаган кечээки революционерлердин, бүгүнкү бийлик башчыларынын айрымдарынын иш-аракетине баасын берген.

Кийинки кездери чоң чатакты чыгарып келаткан Карасуу шаарындагы Туратали базарында кимдердин кызыкчылыгы катылып турганын жарыя кылган. Азыр бийликтин өкүлдөрүнүн ортосунда апачык соода жүрүүдө, кызмат үчүн баарына кайыл адамдар кан төгүштөн кайра тартышпайт, деп белгилеген маркум Б.Эркинбаев.

Кыргызстанда эч качан баңги ташууга азыркыдай ээн-жайкын шарт түзүлгөн эмес. Өкмөт ордуна отура албай, эртеңкиси эмне болорун билбей арсар отурушат, дейт Баяман Эркинбаев. Маркумдун биринчи жана акыркы сыр ачуусун бейшембидеги «Вечерний Бишкек», жума күнкү «Агым» гезиттери жарыялашты.

«Агым» гезитинде берген маегинде Азимбек Бекназаров Оштогу «Алай» мейманканасы менен Карасуу шаарындагы Туратали базарынын айланасындагы талаштын чоо-жайына токтолуп, анын артында Акүйдөгү таасирдүү адамдар турганын билдирет. Бирок да ал таасирдүү адамдар ким экенин А.Бекназаров ачык айткан эмес.

Публистчи Алым Токтомушев 24-марттагы бийлик алмашуусунан кийин революционерлер баштагы максаттарынан тайып, ыңкылап өз балдарынын башын жей баштаганына токтолгон. Автордун ырасташынча, бийликти алмаштырган менен кыргыз ыңкылапчылары андан кийин сөзсүз жасалчу батыл иштерди жүзөгө ашырууга батына алышпады. Беш айдан бери созулуп келаткан белгисиздик кечээки илгери үмүт, изги тилектерди күүп таштады. Кыргыз бийлиги деле украин кесиптештеринин жолун жолдоп революция каарманын – Азимбек Бекназаровду кызматтан четтеткенин бейшембидеги «Лица» гезити да жазды.

Азимбек Бекназаровдун кызматтан алынышы тууралуу Жалалабад облустук мамлекеттик акимчиликтин башчысы Жусуп Жээнбековдун маеги жума күнкү «Кыргыз туусу» гезитинде чыкты. Ж. Жээнбеков кечээки өнөгүнө кайрылып, жеке кызыкчылыктан элдин кызыкчылыгын жогору коюуга чакырат. А. Бекназаровдун Башкы прокурор кызматынан алынышы боюнча окурмандардын аркыл пикирлерине жума күнкү «Бишкек таймс» гезити да кеңири орун берген.

«Кыргыз руху» гезитинде Сейит Сасыбаев коррупцияга каршы күрөшүп, марттагы бийлик алмашуусунда чоң кызмат өтөгөн Азимбек Бекназаровду кызматтан алган президент К. Бакиев деле жаңы ордунда отурушка акысы жок экенин жазат. Дегинкиси революциянын кадыры улам кетип, Баяман Эркинбаевдин атылышы менен ыңкылап кара кийип, катуу кайгыга чөккөнү Жазгүл Масалиеванын ушул эле гезиттеги макаласында баяндалган.

Азимбек Бекназаровдун кызматтан четтетилип, дагы бир революционер Баяман Эркинбаев атылып, жаңы бийлик ушу тапта алапайын таппай отурганы жума күнкү «МСН», «Аалам» гезиттеринде да чагылдырылды. Парламентин эки депутаты ок жеп набыт кетип, ушу тапта үрпөйүп кезекте ким деп отуруп калышканы Семетей Талас уулунун «Аалам» гезитиндеги макаласында баяндалган.

Азимбек Бекназаровдун Башкы прокурор кызматынан алынышы, ага жаштардын пикири кандай экенине жума күнкү «Жаңы ордо» гезити кайрылган. Антип кызмат талаш, бирин коюп, экинчисин алып, эмдигиче команда түзүлбөй, кооптуу абал башбактап калганы Жыпар Жекшеевдин маегинде чечмеленген.

Ушу тапта өлкөнү кылмыштуу топтор гана башкарып калгандай таасир калтырат, деп жазышат Эльвира Темир менен Юрий Кузьминых «Вечерний Бишкек» гезитинде. Канкордун колунан 24-марттан кийин Үсөн Кудайбергенов мерт кетти. Андан соң парламент депутаты Жыргалбек Сурабалдиев атып өлтүрүлдү. Бул кылмыштардын бири да ачылган жок, дейт гезит кабарчылары.

Азаттыктан угуңуз

XS
SM
MD
LG