Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:05

БАЯМАН ЭРКИНБАЕВДИ ЭСКЕРҮҮ


21-сентябрда, саат түнкү 10 дун тегерегинде Бишкекте өз үйүнүн жанынан Жогорку Кеңештин депутаты, Улуттук олимпиада комитетинин президенти, дзю-до жана күрөш боюнча спорт чебери Баяман Эркинбаевди белгисиз бирөөлөр атып кетишти. Достору, туугандары, замандаштары Баяман Эркинбаевдин эскерип, анын ишмердүүлүгү тууралуу түрдүү пикирлерди айтышууда.

Баткен облусундагы Кадамжай шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаты, дзю-до жана күрөш боюнча спорт чебери Баяман Эркинбаев 1967- жылы 17 мартта Сузак районунун Карадарыя айылында туулган. 1991-жылы Ташкенттеги айыл чарба институтун бүтүрүп, токой чарба инженери адистигине ээ болгон. Жогорку окуу жайды аяктагандан кийин Советтик армиянын катарында кызмат өтөгөн. Эмгек жолун Карасуу районунун Жаңыарык айылындагы тамеки иштетүүчү заводдо баштаган.

Баяман Эркинбаев жашынан эле спортко шыктуу болуп, алгачкы устаты Тапанча палвандан таалим-тарбия алган. Дзю-до жана күрөш боюнча СССР спорт чебери деген наамга арзыган. Баяман менен жаш кезинде бирге машыккан грек-рим күрөшү боюнча дүйнө чемпионатынын коло байге ээси, Азиянын көп жолку чемпиону, кыргыз спортуна эмгек сиңирген чебер Раатбек Санатбаев ал жөнүндө мындайча эскерет:

- Дзю-до жана кыргыз күрөшү боюнча республиканын намысын коргоп жүрдү. Экөөбүздү чоң спортко алып келген даңазалуу Тапанча палван - Ибрагим Узаков болгон. Баяман Кыргыз спорту үчүн чоң салым кошкон инсан. Балбандарга көп жардам берип, демөөрчү болду. Дзю-до жана күрөш боюнча “CCCР спорт чебери” болгон. Айрыкча Алыш күрөшүн дүйнөлүк, Азиялык аренага таанытууга, спорттун бул түрүнүн өсүшүнө зор салым кошкон. Ошондуктан ага чоң ишеним көрсөтүү менен өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетине жетекчи кылып шайлашкан. Анын алдыга койгон көп максаттары бар эле. Спорт мектептерин, сарайларын салдырам дечү. Кыргызстанга кызмат кылсам, олимпиадалык байге алууга спортчуларга шарт түзсөм, деп тилек кылчу.

Кыргыз спортунун жана олимпиадалык кыймылдын өсүп-өнүгүшүнө демөөрчү болом дечү , намыскөй жигит эле, деп эскерет өлкөнүн Улуттук олимпиада комитетинин вице-президенти Шаршен Касенов.

Баяман Эркинбаев Алыш күрөшү боюнча Азия федерациясынын президенти катары бул спортту дүйнөлүк аренада таанытууга аракет кылды. Ошондой эле 30 өлкө мүчө болгон дүйнөлүк Алыш федерациясынын вице-президенти болуп да шайланган. Анын демилгеси менен өткөрүлгөн Алыш күрөшү боюнча Азия, дүйнө чемпионаттарында кыргызстандык балбандар 5 алтын медалдын ээси болушкан.
Ош шаарында Баяман Эркинбаевдин өздүк каражатына 26 миллион сомго эл аралык талаптарга ылайык «Палван сарай» комплекси курулган.

Баяман Эркинбаев 1992-жылы «Палван» кайрымдуулук фондун түзүп, жеке ишкерлик кылып, бизнес чөйрөсүнө аралашкан. 1996- жылдан бери « SB Юнион” кыргыз-герман ишканасынын жетекчиси болгон. 2005- жылы май айында Кыргызстандын улуттук олимпиада комитетине президент болуп шайланган.

Ал 8-сентябрда Кытайдын Гуанджоу шаарында өткөн Азия олимпиадалык кеңешинин Генералдык ассамблеясынын 24-сессиясына катышып, кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келген эле.

2008-жылы Пекинде өтчү жайкы олимпиадалык оюндарга азыртан даярдык көрүүнүн зарылдыгын, антпесе мыкты спортчуларды чет өлкөлөр өздөрүнө чакырып кетип жатканын маркум Баяман Эркинбаев мындайча айткан эле:

- Пекин олимпиадасында байгелүү орунга жетүү үчүн спортчуларга азыртан шарт түзүп берип, камкордукка алуу зарыл. Атпесек Афина олимпиадасындай жалпы журтка уят болобуз. Биз жөндөмдүү спортчуларга жакшы шарт түзбөсөк, анда коңшу Казакстан, Өзбекстан жана башка мамлекеттер аларды өздөрүнө чакырып кетишет.

Ички иштер министринин басма сөз кызматынын жетекчиси Нурдин Жангараев Баяман Эркинбаевдин өлүмү боюнча тергөө иштери башталганын, анын өлүмүнө бир нече версия бардыгын билдирди:

- Депутаттын өлүмү боюнча кылмыш иши иликтенип жатат. Өлүмүнө себепкер делген бир нече версия бар. Аны тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн азырынча айтуу эртелик кылат.

Баяманга 29- апрелде дагы кол салуу болуп, анда атылган ок мурдун жанып кетип, аман калганын, өзү он бир туугандын кенжеси болсо да ишкер катары таанылганын, чет өлкөгө баш калкалап кетип кал десек, эли-жеримден кантип кетем деп болбой койгонун жездеси Камал Акматов муңкануу менен айтты:

- Баяман он бир туугандын кичүүсү эле. Сегиз кыз, эки эркек болчу. Өзү менен иштегендерге камкор мамиле кылып, чыр-чатагы жок эле. Кыргыз деп күйгөн жигиттерден болчу. Бир кыз, эки уулдун атасы. Кыргызстанга кызмат кылсам, деп тилек кылчу.

Баяман Эркинбаев Кыргызстанды эл аралык аренага тааныткан жигиттерди тарбиялап, шакирттерине инисиндей мамиле кылып, демөөрчүлүк кылганын спорт адистери айтып жүрүшөт. Ошондой эле ал тууралуу ар кандай сын пикирдеги сөздөр айтылып, Карасуу базарынын мурдакы директору Абдалим Жунусовдун өлүмүнө себепкерлердин бири дешкендер да болгон. Маркум Баяман Эркинбаевдин сөөгү 23-сентябрда Бишкектеги Аларча көрүстөнүнө коюлат.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG