Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:14

Орусия соту Ходорковскийдин өтүнүчүн толук канааттандырган жок


Москванын шаардык соту Михаил Ходорковский жана Платон Лебедевдин кассациялык арызын карап, аларга мурда берилген 9 жылдык түрмө жазасын бир жылга кыскартты. Айыптуулардын коргоочулары болсо аларды биротоло актоону талап кылып жатышкан. Ошон үчүн адвокаттар соттун чечимин жокко чыгаруу талабы менен Орусиянын Жогорку cотуна, андан кийин Европа cотуна кайрылышаарын билдиришти. Соттун чечими күчүнө дароо киргендиктен Михаил Ходорковский Москванын Университет шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкер боло албай калды.

XS
SM
MD
LG