Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Жалалабат облустук сотунун алдында үч күндөн бери пикет уланып жатат


ЖАЛАЛАБАТ. Облустук соттун имаратынын алдында Жумгалбү Турдубекова алты жашар кызы менен, Ибрагим Майлибаев жана Кыргызстан адам укугун коргоо комитетинин облустагы координатору Молдосали Ибраимов облсотторго нааразы болуп турушууда. Алар саясий акциясын 22-сентябрда баштаган. Сот имаратында эки күн түнөшкөндүгүн, пикет башталгандан бери соттор жумушка келбей жаткадыгын жана акция талаптары аткарылмай сайын уланаарын айтышты. Сот имаратынын темир кашааларына өз укуктарын коргоону, арыздарынын адилетүү каралышын жана президент Курманбек Бакиевдин соттордун иш аракетин териштирүүчү мамлекеттик комиссия түзүп, Жалалабатка жөнөтүүнү талап кылган плакаттар илинген. Жумгалбү Турдубекова 2002-жылы ооруу деп Майлуусуудагы психоневрологиялык ооруканага жаткырылгандан кийин жоголгон үй-мүлкүн төлөттүрүп берүүнү талап этүүдө. Жалалабат шаардык соту анын арызын канаттандырганы менен облустук сот ал чечимди башка бирөөлөр аркылуу өзгөрткөн. Үйдүн айынан аялынан ажыраган Ибрагим Майлибаев алты баласы менен жашаган үй-жайын Жогорку соттун туура чечимине карабай, облустук сот башка бирөөгө ыйгаруусу менен макул эмес. 24-сентябрда облустук соттун бир дагы кызматкери иш ордунда болбогондуктан окуяга карата жооп алууга мүмкүндүк болбоду.

XS
SM
MD
LG