Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

Баткенде элдик революцияны колдоо кыймылынын чогулушу өттү


БАТКЕН. 24-сентябрь күнү Баткен облустук акимчилигинин жыйындар залында өткөн чогулушка Баткен шаарында үстүбүздөгү жылдын 24-март күнү Акаевдин бийлигине каршы чыккан эки жүздөн ашуун ыңкылапчы катышты. Республикалык Элдик революцияга колдоо кыймылынын Баткендеги бөлүмүн уюштуруу - чогулуштун негизин түздү. Жыйында аты аталган кыймылдын Баткендеги бөлүмүнө сунушталган адамдардын арасынан башчы, катчы жана комиссия мүчөлөрүн кол көтөрүп добуш берүү ыкмасы менен тандалды. Жыйындын жүрүшүндө кыймылдын уставы талкууланып, ошондой жарыш сөзгө чыккандар жаңы бийликке карата сын-пикирлерин айтышып, акырында өкмөткө кайрылуу кат жазууну чечишти. “Акыркы күндөрдө өлкөбүздө болуп жаткан башаламандык, киши өлтүрүү, жогору жакта отургандардын бири-бирине кайым айтышуулары элди бийликке ишенбөөчүлүккө алып келди”, деген пикирин Элдик революцияны колдоо кыймылынын Баткендеги бөлүмүнүн башчысы Амиракул Алтымышев билдирди.

XS
SM
MD
LG