Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:07

КЫРГЫЗСТАНДЫК МИЛИЦИЯ КЫЗМАТКЕРИ ТӨРТ АЙДАН БЕРИ ӨЗБЕКСТАНДА КАРМАЛУУДА


Үстүбүздөгү жылдын 4-июль күнү «Достук» кыргыз–өзбек чегара тилкесинде Өзбекстандын чегарачылары тарабынан кармалган кыргызстандык милиция кызматкери Алдаяр Сабытбек уулунун тагдыры алигиче белгисиз.

Алдаяр Сабытбек уулу Баткен райондук ички иштер бөлүмүндө май айына чейин иштеген, андан соң баңгизаттардын үстүнөн көзөмөл жасоо агенттигинин Баткендеги бөлүмүнө которулуу үчүн тестирлөөдөн ийгиликтүү өткөн. Жайкы эс алуу убагында үйлөнүү тоюн өткөзүп келүү үчүн туулган жери - Ош облусунун Өзгөн районуна барган учурунда, үй курулушуна керектүү буюмдарды сатып алуу үчүн Өзбекстандын аймагына өткөн. Кайра кайткан кезинде «Достук» кыргыз–өзбек чегара бекетинде өзбек чеграрачылары тарабынан кармалып, ушу күнгө чейин Анжиян шаарында кармалып турат.

Үйлөнүү тою боло турган Алдаяр Өзбекстанда кармалып турганын бир туугандары тогуз күн дегенде араң билишкени тууралуу эжеси Майрам Нышанова айтып берди:

- Анжиянда кармалып турганын бизге 10 күндөн кийин кабар беришти. 14-июлда мен бардым Өзбекстанга, чегараны бузуп кирген деген айып тагышыптыр.

Алдаяр Сабытбек уулуна Өзбекстандын Конституциясынын 223-беренесинин негизинде «чегараны мыйзамсыз басып өткөн» деген айып тагылган. Майрам Нышанова иниси камалган күндөн бери 85 күн өтүп, бир да жолу жүздөшүшкө уруксат бербегенин, бул кармоолордун себеби башка жакта деген пикирин айтты:

- Анжиян топоплоңунда, Өзбектсандын аскерлери, Кыргызстанда кармалып калган экен, бизге ошолор менен алмаштырыш керек деген ойлору бар экенин айтышты. Бул атайын уюшкан иш.

Дал ушундай ойюн, Баңгизаттардын үстүнөн көзөмөлдөө агенттигинин Баткендеги бөлүмүнүн кызматкери Сүйүн Саттаров айтып, Анжиян окуясы учурунда Кыргызстанда кармалган өзбек аскерлери менен алмаштыруу үчүн кармап турганын божомолдоду.

Алдаяр Сабытбек уулунун мурдагы иштеген жери, Баткен райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Таалай Акбаевке кайрылганыбызда, Алдаяр жумуштан бошоп кеткенден кийин, бул окуяга алар кирише албастыгын кабарлады.

Оштогу кайрыла турган жерлерге кайрылып, алардын колунан эч нерсе келбестигин түшүнгөндөн кийин, жогорку органдарга кайрылуу жазып, ушу күнгө чейин жооп келбей жатканына Алдаярдын бир тууган эжеси Майрам Нышанова төмөнкүчө токтолду:

- Өкмөткө, Бакиевке,Турсунбай Бакир уулуна,Бекназаровко, Роза Отунбаевага жана Адахан Мадумаровко да кат жаздык. Анан жакында “Ар намыс” партиясына жаздык. ТИМден гана жооп болуптур, ал жерден Ташкендеги Кыргызстандын эчилигине кат жазылыптыр, ал эми калганынан жооп болгон жок.

Анжиян облусунун улуттук коопсуздук башкармалыгында кармалып турганы маалым болгондон кийин, жолугуу үчүн бир туугандары жана иштеген жеринен кесиптештери барган учурда, бул ишти бир гана өкмөттүк сүйлөшүүлөр чечет деп жолуктурбай койгонунун, Баңгизаттардын үстүнөн көзөмөлдөө агенттигинин түштүк региону боюнча бөлүмүнүн кызматкери Шакир Жылчынбаев маалымдады. Бир туугандары менен жолугушуу уюштурабыз деп үч жолу чакырып, бир жолу да жүздөштүрбөй койгонун Майрам Нышанова кейүү менен айтып берди:

- Адвокат үч жолу көрсөтөбүз деп чакырып, жалганчы болуп калды. Барсак жолугушуу болбойт деп коюшту. Иним үйлөнүш керек эле, тою да калды, азыр ушул учурда атам катуу оруп жатат жүрөк оруусу менен, ушу айдын ичинде үч жолу ооруканага жатып чыкты. Өтө кыжаалат болуп, ошондуктан кайра-кайра ооруп жатат. Бийликтегилерден суранат элем, ушул ишти чечип беришсе деп.

Анжиянда Алдаяр Сабытбек уулу менен жолугуп, анын ал-акыбалы менен таанышып турган адвокат Абдумалик Нышанов менен байланышканыбызда, азыр ал эч кандай күч колдонулбай, жакшы шартта жатканын, ошондой эле Алдаяр Сабытбек уулунун үстүнөн сот жараяны кийинки жумаларда боло турганын кабарлады.

XS
SM
MD
LG