Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:44

Бензин азырынча арзандабайт


БИШКЕК. Кыргызстанда күйүүчү, майлоочу майлардын баасы жакынкы айларда арзандабайт, бирок бааны бир калыпта кармап туруу аракети жүрүп жатат. Бул тууралуу “Азаттыкка” нефтетрейдерлер ассоциациясынын жетекчиси Базарбай Мамбетов жекшембиде билдирди. Анын айтымында, учурда региондордогу бааны башкалаадагы деңгээлге түшүрүү аракети жүрүп жатат. Казакстан күзгү жыйым- терим иштерине байланыштуу күйүүчү-майлоочу майларды экспорттоого тыйуу салган. Базарбай Мамбетов билдиргенге караганда, казак өкмөтү 26-августта экспортко кайра уруксат берди. 24-сентябрдан баштап Казакстандын Чымкент заводу Кыргызстанга бензин бере баштады. Ошондой эле Түркмөнстандын Сейдин жана Түркмөнбашы атындагы заводдору менен күйүүчү жана майлоочу майларды алуу тууралуу сүйлөшүүлөр башталды. Бишкекте бензин мурдагыдан эки сомго кымбат болсо, өлкөнүн башка аймактарында анын баасы 21- 23 сомго чыкты.

XS
SM
MD
LG