БИШКЕК. Ош тергөө абагында кармалып турган 4 өзбек атуулунун бирине качкын макамын берүү боюнча «Адилет» укук коргоо уюмунун арызы 30-сентябрда Бишкек район аралык сотунда каралат. Буга чейин дагы эки өзбек атуулуна «Адилет» уюмунун качкын макамы берилсин деген арызы каралып, сот миграция департаментинде эки өзбек бозгунуна качкын макамын берүү маселеси кайрадан каралсын деген чечимин чыгарган. Тышкы иштер министрлиги алдындагы миграция департаменти Өзбекстан берген материалдарга таянып, төрт бозгунга качкын макамын берүүдөн баш тарткан. Буга чейин 400дөн ашуун өзбек качкыны Кыргызстандан Европа өлкөлөрүнө өткөрүлгөн.