БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев Москвадагы Михаил Ломоносов атындагы мамлекеттик университетте 1- октябрдан баштап иштей баштайт. Бул тууралуу «Азаттыкка» анын адвокаты Максим Максимович 25-сентябрда билдирди. Адвокаттын айтымында, экс-президент аталган окуу жайда жогорку математика боюнча дарс окумакчы. Аска Акаев 24-март күнү өлкөдөн чыгып кеткен бойдон Москвада жашап жүрөт.