Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:59

Оштогу айрым коомдук уюмдардын өкүлдөрү мамлекет башчысын жакташат


ОШ. 26-сентябрь күнү Ош шаарындагы “Цивиндем”, “Ойгон, Кыргызстан жаштары” жана “Жаштар үнү” коомдук бирикмелери Жогорку Кеңештин төрагасы баш болгон бир катар депутаттардын буга чейин сессияда сүйлөгөн сөздөрүнө карата нааразылыгын билдирген кайрылуу кабыл алышты. “Биз атуулдук коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттары Кабай Карабековдун, Темир Сариевдин, Дооронбек Садырбаевдин, Кубатбек Байболовдун жана төрага Өмүрбек Текебаевдин өлкөдөгү кырдаалды талкуулоо учурунда президент Курманбек Бакиевдин атына далилденбеген, негизсиз сөздөрдү айтып асылгандыктарына кыжырдануубузду билдиребиз. Жогоруда аталган депутаттар эгерде президенттин туугандары тарабынан мыйзамсыз иштер болуп жаткандыгы чын болсо, аны коомчулукка далилдер менен айтып берүүлөрүн талап кылабыз”, деп айтылат кайрылуунун негизи мазмунунда. Мындан сырткары кайрылуу ээлери жогорудагы депутаттардын кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу сессияда сүйлөгөн сөздөрү коомчулукта бөлүнүп-жарылууну жана саясий туруксуздукту пайда кылышы мүмкүн экендигин эскертишкен.

XS
SM
MD
LG