Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:35

И. Жунусов өзүнө карата айтылып жаткан айыптарды четке какты


БИШКЕК. Белгилүү ырчы, Ош университетинин окутуучусу Ибрагим Жунусов өзунүн жана жакындарынын депутат Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө тиешеси жоктугун 26-сентябрда “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, агасы Абдалим Жунусов Карасуу базарынын ишине аралашпаганда аман калмак. Киши колдуу болуп каза тапкан депутат Баяман Экринбаевдин бир тууган эжеси аны акыркы сапарга узатуу учурунда “Баямандын жана менин баламдын өлүмүнө Ибрагим Жунусов менен Динара Жунусованы күнөөлөйм” деп айтканын айрым маалымат каражаттары берген. Ибрагим Жунусов агасы Абдалим Жунусовду да, депутат Баяман Экринбаевди да өлтүргөндөр кимдер жана бул өлүмгө ким кызыкдар экенин тергөө аныктасын деген ойдо. Ал “Азаттыкка” өзүнүн жана жакындарынын өмүрү учурда коркунучта турат деп билдирди.

XS
SM
MD
LG