БИШКЕК. Мурдагы баш прокурор Азимбек Бекназаров президент Курманбек Бакиев, өкмөт башчы Феликс Кулов, Жогорку Кеңеш төрагасы Өмүрбек Текебаевге кайрылуу жолдоду. Өз кайрылуусунда Бекназаров баш прокурор болуп иштеп турган мезгилде жасаган иштери боюнча кыргыз коомчулугуна 28-сентябрда Бишкектеги Алатоо аянтында отчет бере тургандыгын эскерткен. «Мен баш прокурорлук кызматка март ыңкылабынан кийин элдин эрки менен дайындалгамын. Ошондуктан мен коомчулукка жасаган ишим боюнча маалымат берем», - деп жазат Азимбек Бекназаров. Бекзаровду коргоо комитетинин маалыматына караганда, 28-сентябрда Бишкектеги Алатоо аянтына республиканын булуң-бурчунан миңдеген адамдар келээри күтүлүүдө.