Өлкө башкалаасы Бакуда кечээ милиция парламенттик шайлоо алдында уруксат берилбеген митинг өткөрүүнү көздөгөн оппозициячыларга каршы күч колдонуп, ондогон активисттерди камакка алды. Демонстранттар президент Ильхам Алиевди отставкага чакырган ураан-чакырыктарды айтышып, 6-ноябрга белгиленген парламенттик шайлоо адилет өткөрүлүүсүн талап кылышкан эле. Азербайжандын Улуттук фронту деген оппозициячыл партиянын өкүлү Исак Авазоглынын айтымында, 100дөн ашун адам камалган. Бирок полиция кармалгандардын саны мындан аз экенин билдирди. Оппозициячыл лидерлер эгер өкмөт шайлоонун калыс өтөрүн кепилдебесе, демонстрациялар алдыда да уюштуруларын эскертүүдө.