Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:44

Украина Евросоюз менен Белорусияга орточу болгусу келет


Киевде Белорус тышкы иштер министри Сергей Мартынов менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн соң Украинанын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Борис Тарасюк достук, өнөктөштүк негизде Белорусия менен Евросоюздун, Еврокеңештин ортосундагы проблеманы чечүүгө жардамдашканга даярбыз деп билдирди. Бирок минскилик министр Киевдин бул сунушун четке какты. Белорусия тыштан жардамга муктаж эмес, деп айтты ал. Белорусиядагы поляктарга кысым жасаганы үчүн Минск бийликтерин жакында Евросоюз сынга алган эле. Президент Александр Лукашенко өлкөдөгү поляк тайпасын пайдаланып, Польша Евросоюз жана АКШ менен бирге Белорусиядагы бийликти алмаштырууну көздөп жатат, деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG