Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

БЕРЛИНДЕГИ КИНО ФЕСТИВАЛГА КЫРГЫЗСТАНДЫК ЖАШ КИНОРЕЖИССЕР ДА КАТЫШУУДА


Берлинде ушул күндөрү Азия-тынч океан аймагынын фильм-кароосу өтүп жатат. Катышуучулардын арасында ондогон мамлекеттердин ичинен Кыргызстан да бар. Нурдин Карагуловдун "Бүкүрдүн махабаты" атуу кыска метраждуу фильми өз категориясында байгелүү орун алып калышы да ыктымал. Кабарчыбыз фестивалдын программалык директору Светлана Шланке менен байланышты.

Азия-Тынч океан аймагынын Берлиндеги фильм фестивалынын башкы максаттарынын бири - аталган аймактын тасмаларын Европада узак мезгилдүү сүрөөнгө алуу болуп саналат. Башкача айтканда, чоң кароолорго оңой менен илине албаган жаш таланттар дал ушул фестивалда эл алдына чыгууга мүмкүндүк алышат. Муну фестивалдын программалар боюнча директору Светлана Шланке мындайча бышыктады:

- Биздин фестивалдын башкы айырмасы - азия өлкөлөрүндөгү көз карандысыз жаш, белгисиз киночуларга жол ачып берүүгө аракеттенебиз.

2003-жылы Германиядагы Азиялык жамааттын өкүлдөрү тарабынан негизделип, жалаң волонтерлордун күчү менен иштеген бул фестивалда тасмалар бир нече категориялар боюнча көрсөтүлүүдө. 21-28-сентябр күндөрү Ди Курбел кинотеатрында өтүп жаткан кароодо көркөм фильмдер, кыска метраждуулары, документалдуу тасмалар, жаш муундун өкүлөрү тарткан кинолор, аймактык кассалык көркөм филмдер жана өспүрүмдөр үчүн категориялар бар.

Нурдин Карагуловдун 19-кылымдагы орус жазуучусу Иван Буниндин "Роман горбуна" же "Бүкүрдүн махабаты" деген чакан аңгемесинин негизинде тартылган ушул эле аталыштагы 18 мүнөттүк тасмасы кыска фильмдер категориясында көрсөтүлүп жатат. Бул топто негизинен Жапония, Гонконг, Австралиядан, ошондой эле Жаңы Зелляандия, Сингапур, Кытайдан киночулар бар. Борбор Азиядан дагы Өзбекстандан Гаяне Матевосяндын "Кичинекей сыйкырчысы" да бар экен. Борбор азиялык киночулардан толук метраждуу фильмдер тобунда Гуландом Мухабатова менен Далер Рахмановдун "Овара" атуу көркөм тасмасы кароого коюлан.

Фестивал директорунун сөзү боюнча, Карагуловдун тасмасы айрыкча жогорку деңгээли менен өзгөчөлөнүп турат:

- Бул фильм өтө терең, өтө кылдаттык менен, Буниндин новелласынын тереңдиги жана көркөмдүгү менен шайкеш келген деңгээлде тартылган. Эгер аны ким тартканын билбесеңиз, өтө тажрыйбалуу, жетилген ишмердин эмгеги деп ойлошуңуз мүмкүн. Бул режисердун алгачы чыгармасы экенине карабастан, фильмдин сапаты күтүлгөндөн алда-канча жогору.

"Бүкүрдүн махабаты" - Нурдин Карагуловдун дипломдук эмгеги. Нурдин Бишкектеги Исскуство институтун мындан 3 жыл мурда аяктаган. Шланкенин айтымында, фильмге өтө аз каражат сарпталган:

- Таң калыштуусу, Карагулов аны арзыбаган каражатка тарткан. Канча кеткенин айткандан да уялам дейт. Акчанын тартыштыгын ал көрөңгөлүү шык-таланты, тапкычтыгы менен тең салмактап кеткен.

Айтмакчы, Нурдин Карагулов Чынгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча бир канча кинолорду тарткан Бакыт Карагуловдун уулу. Нурдин советтик киноматография менен тааныш болгону менен, аны көз карандысыз Кыргызстандын шартында жетилген эң алгачкы режиссерлордун бири деп кароого болот.

Берлиндеги Азия-Тынч океан аймагы боюнча филм фестивалда былтыр да кыргыз киночулары болгон. Темир Бирназаровдун "Сыргасы" менен "Шайтандын көпүрөсү", Абдыжапаров, Абдыкалыковдун "Аялдамасы" көрсөтүлгөн. Деги эле Борбор азиялык темалар көбүрөөк болчу. Мисалы Өзбекстандан Зульфикар Мусаковдун "Асмандагы балдары", Тажикстандан Орусияга барып кара жумушта иштеп жүргөндөр тууралуу Мирям Юсупованын "Мардикорлор" тасмасы, Орусияда жашаган түркмөн киночусу Ходжа Кули Нарлиевдин "Жамалдын дарагы" болгон эле.

Быйылкы кароодо биздин жердешибиздин байгелүү орунга ээ болуп калышы да ажеп эмес:

- Жеңип чыгышы толук мүмкүн. Себеби азыр эле жогорку сыйлыкка көрсөтүлдү. Конкурс өтө чоң, 28инде белгилүү болот, - деп айтты бизге Берлинден телефон аркылуу фестивалдын программа директору Светлана Шланке.
XS
SM
MD
LG