Башкаруучу "Ликуд" партиясынын мүчөлөрү арасындагы добуш берүүнүн натыйжасында премьер-министр Ариэль Шарон партлидерлигин бир аз гана артыкча добуш менен сактап калды. Жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиргенине караганда, добуш бергендердин жарымынан көбү Шарондун атаандашы, мурдагы премьер-министр Биньямин Нетаньяхунун партия лидерин мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо жөнүндөгү сунушун четке каккан. Партиядагы ажырым көптөр Шарондун өкмөтүнүн Газа секторунан кетүү планына каршы болгонуна байланыштуу жаралган эле.