Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 12:20

Баяман Эркинбаевге байланыштуу кылмыш ишти УКК тергейт


БИШКЕК. 21-сентябрда белгисиз бирөөлөр тарабынан атылып өлтүрүлгөн Баяман Эркинбаевге байланыштуу кылмыш ишти ички иштер министрлиги улуттук коопсуздук кызматына өткөрүп берди. Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин аткаруучу Мурат Суталинов 27-сентябрда билдирди. Ал тергөөнүн кызыкчылыгына байланыштуу жаңы эч нерсе айта албасын белгилеп, ишти улуттук коопсуздук кызматына өткөрүп берүү себебин, Баяман Эркинбаевдин мамлекеттик кызматкер болгондугу менен түшүндүрдү.

XS
SM
MD
LG