Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:32

Караколдо тергөө абагында отурган Досумбай Дүйшалиев тогуз күндөн бери ачкачылыкта


КАРАКОЛ. 1-июлда Балыкчы шаардык соту тарабынан Өрнөк айылындагы Ынтымак айыл чарба кооперативинин жетекчиси жана анын үч кызматкери төрт жылдан он беш жылга эркинен ажыратылып, сот залынан камакка алынган эле. Бирок бул чечимди адилетсиз деп эсептеген кооперативдин жетекчиси Досумбай Дүйшалиев жогорку күч органдарына арыз жолдоп, тергөө иши Чүй, же башка облуска өткөрүлмөйүнчө тигилген оозун чечпей, ачкачылык акцияны токтотпой тургандыгын билдирди. Айыпталуучунун айтуусунда, жергиликтүү сот ишине ишеним артпаган себеби 20-сентябрдагы суракта сот залынан оозун тиккен кадамы боюнча адамдык ар намысына шек келтирилген. Ал эми тергөө абагынын башчысынын орунбасары Нурбек Отунчиевдин билдирүүсүндө, тиешелүү органдарга маалымдама берилгени менен 8 күндөн бери эч ким келген эмес. Айыпталуучу Дүйшалиев 15 жыл түрмөгө күнөөсүз камалып, үй-мүлкүнөн ажыраганча, оозум тигилген боюнча отурган жеримен өлгөнүм артык деп билдирүү таратты. Ал эми Дүйшалиевдин 26-сентябрдагы сотко баруудан баш тартканын Ысыккөл облустук соттун төрага орунбасары Таалай Эралиев мыйзамсыз деп эсептеп, сот ишин 29-сентябрга жылдырды.

XS
SM
MD
LG