Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Март, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

Жогорку Кеңештин алдында карама-каршы эки пикет болду

БИШКЕК. 27-сентябрда Жогорку Кеңештин имаратынын алдында карама-каршы багыттагы эки пикет болду. Пикетчилердин бир тобу транспорт жана коммуникация министрлигине талапкер Ишенбай Кадырбековду колдосо, экинчи тарап аны бул кызматка жолотпоону талап кылды. Пикетте эки тараптан тең 70-80 ден, жалпысынан 150 дөн ашык киши болду. Пикетчилердин бир тобу «Кадырбеков министр болсун» деген маанидеги плакатты көтөрүп турса, экинчи тарап «Кадырбеков - транспорттун ойрондолушу» деген жазуусу бар плакаттарды кармап турду.
XS
SM
MD
LG