Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:10

Депутат Бабановдун тобу залдан чыгып кетти


БИШКЕК. Депутат Өмүрбек Бабанов башында турган «Эл биримдиги» депутаттык тобу 27-сентябрда түштөн кийин парламент залынан чыгып кетти. Алар депутат Кабай Карабековдун жардамчысынын жол кырсыгынан каза болуп, анын чөнтөгүндө депутаттын жардамчысы деген күбөлүгү болгонуна карабай жакындарына да, депутаттка да кабар берилбей, сөөктүн эки-үч күндөн бери өлүкканада жатканы үчүн нааразы болуп, сессия ишине катышуудан баш тартты. «Эл биримдигинин» өкүлдөрү менен сүйлөшүүгө барган депутат Дооронбек Садырбаев, Бабановдун тарапкерлери вице-премьер-министрлер бекитилгенге чейин министрлерди бекитүүгө каршы болуп, мына ошондуктан залдан чыгып кетишкенин кабарлап келди.

XS
SM
MD
LG