БИШКЕК. Президент биринчи вице-премьер-министрликке сунушталган Данияр Үсөнов, Медет Керимкулов жана Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлигин чакырып алды. Мындай кадамга президент Медет Керимкулов менен Данияр Үсөнов кызматтан баш тарткандыгына байланыштуу барды. Президенттин Жогорку Кеңештеги толук ыйгарым укуктуу өкүлү Данияр Нарынбаевдин айтымында, президент премьер-министр менен кеңешип туруп, жакынкы күндөрдө биринчи вице-премьерлик кызматка жаңы талапкерлерди көрсөтөт. 26-сентябрда президент биринчи вице-премьер-министрлик кызматка алгач Данияр Үсөновдун гана талапкерлигин сунуштаган. Бирок түштөн кийин Медет Керимкулов жана Жантөрө Сатыбалдиевдин талапкерлиги да көрсөтүлгөн.