Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:26

Иракта жарылуу, АКШда сот


АКШда аскери трибунал катардагы жоокер Линда Ингландды Ирактын “Абу-Грейб” түрмөсүндөгү туткундарга ырайымсыз мамиле жасаган деп тапты. 22 жаштагы Ингланд он жылга түрмөгө кесилиши мүмкүн. “Абу-Грейбдеги” аширет иштердин фонунда тартылган Ингланддын сүрөтү бүткүл дүйнөгө тараган эле. Ал эми Ирактын Бакууба деген шаарында бир жан кечти полицияда кызмат өтөөгө чогулган элдин жанына барып, автомобилди жардырып жиберди. Андан кеминде 8 адам өлүп, ондогон адам жарат алды.

XS
SM
MD
LG