Линктер

бейшемби, 21-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 07:41

Иран МАГАТЭнин чечимин талкуулап жатат


Ирандын парламенти жабык жыйын өткөрүп, анда МАГАТЭде кабыл алынган резолюцияга байланыштуу жагдай талкууланууда. Сөз болгон резолюцияда Ирандын ишин БУУнун коопсуздук кеңешине өткөрүп берүү мүмкүндүгү айтылган эле. Тегеран мындай учурда уран байытуу ишин толук өлчөмдө кайра жандантып, аскерий ишканаларына МАГАТЭнин инспекторлорун киргизбей турганын эскертти. АКШ Иранды ядролук чөйрөдөгү милдеттенмелерин аткарууга кайрадан чакырып, МАГАТЭнин соңку резолюциясы Тегеран үчүн эскертүү болууга тийиш деп билдирди.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

XS
SM
MD
LG