Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:56

Проненко депутаттарга нааразы


БИШКЕК. 28-сентябрда социалдык коргоо жана эмгек министринин милдетин аткаруучу Алевтина Проненко аталган министрликтин жамааты менен жыйын өткөрүп, өкмөт курамына Жогорку Кеңеш тарабынан колдоо албай калганына нааразылыгын билдирген. Бул тууралуу министрликтин аппарат башчысы Асангазы Исраилов буларга токтолду:

- Жыйында Алевтина Проненко: “ Жогорку Кеңештин депутаттарына чуркаган жокмун. Алар ошондуктан жообун мага ушундай мамилеси менен көрсөтүштү. Муну менен депутаттар элдин, мамлекеттин кызыкчылыгын ойлобой, өз кызыкчылыгы үчүн жан тартып, жеке кызкчылыгы үчүн отургандыгын билдиришти”,-деди Проненко. Ал ошондой эле өлкөгө колунан келишинче кызмат кылганын белгиледи.

27-сентябрда социалдык коргоо жана эмгек министринин милдетин аткаруучу Алевтина Проненкону министрликке бекитүүдө Жогорку Кеңештин депутаттарынын 21и макул, 43ү каршы добуш беришкен.

XS
SM
MD
LG