Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:01

Беларусияда чет элдиктердин жерди пайдалануусуна көзөмөл күчөтүлөт


Беларус президенти Александр Лукашенко чет элдик компаниялардын жерди пайдалануусу боюнча көзөмөл күчөтүлөөрүн жарыялады. Лукашенконун айтымында, чет элдик фирмалар айыл–чарба жерлерин ижаралоо жөнүндөгү мыйзамды бузуп, алынган жерлерге турак жай же бензин куюучу станцияларды курууда. Беларус президенти кошумчалагандай, мындан ары бензин куюучу жайлар айыл-чарбасы үчүн ылайыксыз жерлерге гана курулат. Беларус мыйзамдары боюнча жерди мамлекеттен 99 жылга чейин ижарага алууга болот. Жер алган чет элдик фирмалардын көпчүлүгү орусиялыктардыкы.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Алымкул уулу даярдады.

XS
SM
MD
LG