Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:06

«Эркиндик» партиясынын мүчөлөрү кысымга кабылды


БИШКЕК. Парламентти таратуу боюнча атуулдардын колун топтоп жаткан «Эркиндик» партиясынын мүчөлөрүнө учурда белгисиз бирөөлөр тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр болуп жатат. Ошондой эле мындан бир нече күн илгери аталган партиянын штабына белгисиз бирөө телефон чалып, кол чогултуу иш чарасын токтотпой турган болсо, партия төрагасы Топчубек Тургуналиевдин өмүрүнө кол салуу боло тургандыгын эскерткен. Бул тууралуу Топчубек Тургуналиев 29-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди. Ошондой эле Топчубек Тургуналиев мындай коркутуп-үркүтүүлөр парламент депутаттары же өлкөдөн качып кеткен мамлекет башчы Аскар Акаевдин жакындары тарабынан болуп жатат, деген божомолун билдирди.

XS
SM
MD
LG