Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Март, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Биринчи вице-премьерликке ким сунушталаары дале белгисиз

БИШКЕК. Биринчи вице-премьерлик кызматка ким сунушталаары азырынча так эмес, ал боюнча президент кеңешип, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп атат. Бул тууралуу вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Адахан Мадумаров билдирди. Ал эми анын талапкерлигин президент 29-сентябрда вице-премьер-министрлик кызматка сунуштады. Адахан Мадумаров ушул эле күнү журналисттерге эгерде депутаттар колдоп берсе өкмөттө иштөөгө көңүлү бар экенин билдирди. Аны бул кызматка парламент бекитээр-бекитпеси жума күнү белгилүү болот. Адахан Мадумаров учурда парламенттин № 39 Куршаб шайлоо округу боюнча шайланган депутаты. Аталган округдун үч участкасындагы кайра шайлоонун жыйынтыгын караган БШК 21-сентярбда Адхан Мадумаровду депутат деп тааныган.
XS
SM
MD
LG