Виетнам жетекчилиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, өлкөнүн түндүк жээгине тайфун тийгенден кеминде 57 адам каза болду. Шамалдын ылдамдыгы саатына 200 чакырымга жетти жана бул тайфундан Кытай, Филиппин менен Таиландда бардыгы болуп 39 адам набыт кетти.