Палестинада аракеттенген аскерий топтордун жетекчилеринин бири Закария ал-Зубейдин бүгүн билдиргенине караганда, жөөт аскерлери алардын бир жоокерин өлтүргөнүн анын уюму кечирбейт жана Израилге каршы аскерий аракет көрүүнү уланта берет. Жөөт аскерлери бүгүн эртең менен Йенин шаарынын айланасындагы айылдарга үч башка чабуул жасап, үч араб жигитин атып өлтүргөн, анткени өткөн аптада Газа тилкесинен Израилге көптөгөн ракета атылган.