Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:16

Түркиянын Европа Биримдигине кошулуусу боюнча талкуу оор жүрүүдө


Европа Биримдигинин элчилери бүгүн Брюссел шаарында жыйын өткөрүп, Түркияны уюмга мүчө кылып кабыл алуу боюнча расми сүйлөшүү баштоо маселесин караштырды, бирок бир пикирге келе алган жок. Мурда түзүлгөн келишимдер боюнча, сүйлөшүү 3-октябрда башталууга тийиш. Биримдикте төрагалык кылган Британиянын министри Дуглас Александердин айтымында, дагы бир топ иш жасалууга тийиш:

- Түркия Биримдикке дароо кирбейт да, дагы бир топ реформа жүргүзүш керек, айрым мамлекеттер Түркиянын мүчөлүгү жөнүндө референдум өткөрүүгө даярданып жатат. Уюмга кошулган учурга чейин Түркия такыр башка мамлекетке айланат.

Кечээ күнү Европарламент - Түркияны Биримдиктин бажы уюмуна кабыл алуу чечимин бекитүүнү кийинкиге калтырды.

XS
SM
MD
LG