Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:42

Америкалык президентке жакын конгрессмен күнөөлөнүүдө


АКШ Конгрессинин Эл өкүлдөр палатасындагы көпчүлүккө ээ Республикалык партиянын фракциясынын жетекчиси Том Дилей кызматынан убактылуу кетти, анткени ага каршы - президенттик шайлоо өнөктүгү учурунда мыйзам бузган деген күнөө коюлду. 28-сентябрда Дилей бардык күнөөнү четке какты:

- Бул негизсиз күнөө алып салынып, акталганга чейин мен бул кызматтан убактылуу чегинем. Эми мен ачык айтайын - мен эч нерсени туура эмес жасаган эмесмин.

Техас штатында болуп өткөн сот Дилейге койгон күнөө боюнча, шайлоо өнөктүгүнө ар башка уюмдардан алынган 190 миң долларды Дилей жана анын эки жардамчысы жеке адамдардан алынган каражат деп каттаган. Күнөө далилденсе, конгрессмен алты айдан эки жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG