Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Иракта соңку жардыруулардан кеминде алтымыш киши каза тапты


Көбүнесе шийиттер жашаган Балад шаарында кечээ кечинде орун алган үч жардыруудан кеминде алтымыш адам мерт болду. Миналанган автоунаалар бир эле учурда үч жерде полиция менен банктын имараты жанында жана жергиликтүү жашылча базарда жардырылды. Балад шаары башкалаа Багдаддан 80 чакырымдай түндүктө жайгашкан. Мунун аралгында АКШ армиясы мурда күнү Рамади деген шаарда жол боюна коюлган мина жарылуусунан беш америкалык аскер каза тапканын маалымады. Ушуну менен акыркы төрт күндөн бери эле Иракта америкалык 13 аскер кызматчысы мерт болгон. Ал эми Вашингтондо Ирактагы америкалык аскерлердин командачысы генерал Том Кейси АКШ Конгрессинин комиссиясында маалымат берип, келерки жылы жоокерлердин санын кыскартууга мүмкүнчүлүк бар экенин, бирок бул маселеде алдыдагы 75 күн чечүүчү роль ойноорун белгиледи:

- Коалициялык күчтөрдү шартка жараша кыскартуу биздин стратегиянын негизги элементи жана биз, албетте, муну келерки жылы жасоого үмүттөнүп жатабыз. Алдыдагы 75 күн андан кийинки окуялар үчүн чечүүчү ролду ойнойт.

15-октябрда Иракта Конституциялык референдум белгиленген. Эгер Конституция кабыл алынса, 15-декабрда жаңы өкмөт шайланышы керек.

XS
SM
MD
LG