БИШКЕК. Жогорку Кеңештин 29 депутаты президент Курманбек Бакиевге өлкөнүн энергетика тармагындагы абалга байланыштуу ачык кат жолдошту. Анда депутаттар энергетика тармагындагы абалга карата тынчсыздануусун билдиришип, тармактагы абалды оңдоого «Электр станциялар» акционердик коомунун азыркы баш директору Сапарбек Балкыбековдун адистик жөндөмдүүлүгү толук жооп берээрин белгилешкен. Бул тууралуу 30-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары Алищер Сабиров, Юрий Данилов жана Нурдин Абдылдаев маалымат жыйынында билдиришти. Алардын пикиринде, өлкөдө электр кубатына болгон баалар көтөрүлбөй, ал эми энергетика тармагындагы абалды жакшыртуу боюнча стратегиялык программа иштелип чыгышы керек. Депутаттар белгилешкендей, кышка даярдыктарга байланыштуу маселелер президенттин көзөмөлүндө болууга тийиш.