Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:51

Депутаттар округдарга кетишти


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин депутаттары келерки бейшембиге чейин округдарда иштемей болушту. Мындай чечимди парламент 30-сентябрдагы отурумунда регламентке ылайык кабыл алды. Округдардан келгенден кийин депутаттар биринчи вице-премьер-министрликке талапкерге өз баасын берери күтүлүүдө. Президенттин парламенттеги өкүлү Данияр Нарынбаевдин билдиргенине караганда, жаңы талапкерди президент парламентке келерки аптада кайра сунуштаары күтүлүүдө. Округдарга кетер алдында депутаттар президент менен өкмөт сунуштаган өкмөт курамына макулдук берди. 16 орунга сунушталгандардын алты оруну үчүн талапкерлер эки жолку тандоодон кийин гана жактырылды. Ал эми биринчи вице-премьер-министрликке берген сунушун президент парламентте талкуу башталган маалда кайра чакыртып алган.

XS
SM
MD
LG