“Союз” кемеси америкалык астронавт Уильям Мак Артур, Орусиялык космонавт Валерий Токарев жана кадимки турист Грегори Олсенди космоско алып кетип баратканын диспетчердин үнү жарыялады.
АКШнын Нью-Жерси штатында инфракызыл техника өндүргөн компаниянын ээси Грегори Олсен өзүн катардагы турист деп эсептебейт. Ал космоско саякаттап барыш үчүн 900 саттан ашыгыраакка созулган атайын машыгуудан өттү. Адистердин айтымында, акчасы бар ар бир киши эле мындай олуттуу даярдыкка чыдап, отпускасын космосто өткөрүүгө кудурет-күчү жете бербейт.
Кабарларга караганда, Олсен космоско саякаттап барып келиш үчүн 20 млн. доллардай акча төлөдү. Кесиби боюнча математик жана физик миллионер Эл аралык космостук станцияда жөн гана айлана-тегерекке көз чаптырып жата бербей, төмөнкү тартылыштагы абалда өз денесиндеги өзгөрүүлөргө изилдөө жүргүзүүнү көздөп жатат. Жума күнү ал бир аз толкунданып турганын жашырбай, кабарчыларга космоско барууну өмүр бою самап келатканын айтты:
- Кеме абдан мыкты акыбалда, биз кечээ баарын текшерип чыктык. Мен өзүм жана экипаж да космоско чыгууга даярбыз.
Саякатчы Олсен космосто 10 күн болуп, Эл аралык космостук бекетте апрелден бери иштеп жаткан Орусиялык Сергей Крикалев жана АКШлык Жон Филипс менен 11-октябрда жерге кайтып келет. Жаңыдан барган Макартур менен Токарев ал жерде жарым жылдай болушат.
Грегори Олсен ушуну менен космоско саякаттап барган 3-турист болуп калды. Ал жолго чыгаар алдында: “Мындан 100 жыл мурдараак өтө эржүрөк азаматтар гана самолетко түшө турган, азыр эми элдин баары эле учуп жүрөт, дагы 50-60 жылдан кийин космоско саякаттап барган деле жаңылык болбой калат”, - деген ишеничин билдирди.