Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Табигый кырсыктан жапа чеккендер кошумча жардамга муктаж


ЖАЛАЛАБАТ. Облустун Базаркоргон районундагы Акман айыл өкмөтүнүн он тогуз тургунунун турак-жайы бүтпөй калуусу мүмкүн. Өкмөттүн турак-жай департаментинен бөлүнгөн каражатка үйлөрдүн пайдубалы менен жарым дубалы бүттү. Алар жазгы суу ташкын жана жер көчкү маалында баш калка жайларынан ажыраган. Турак жайлардын калган бөлүгүнө ипотекалык ыкма менен каражаттын качан берилээри дайынсыз. Акман айылынын Кошкоргон участкасында үй жайсыз калгандар жол, таза суу, электр жарыгысыз, чырак менен жашап жаткандыктарын билдиришти. Алар үй жыгачтары менен даанасы 220 сомго чыккан чатырларды кайсы акчасына сатып алаарын билбей жүрүшөт. Облустук бийликтин маалыматы боюнча, быйыл ссуда алууга муктаж 1811 үй бүлөгө өкмөттөн 16 миллион сом каражат бөлүнгөн. 17 тонна күйүүчү май жана 43 чатыр таркатылган. Табият кырсыгы күтүлгөн жайларда 1698 үй бүлөө жашоодо.

XS
SM
MD
LG