БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюму Анжиян козголоңуна байланыштуу Ташкенде болуп жаткан сот жараянына эл аралык байкоочу жөнөтүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу катты БУУнун адам укугу боюнча Жогорку комиссары Луиза Арбур ырасмий Ташкенге жөнөттү. Аны БУУнун маалымат катчысы Нью-Йоркто билдирип, эл аралык байкоочунун максатын бул сот жараяны эл аралык талаптарга ылайык өтүп жатабы же жокпу, ушуну аныктоо деп түшүндүрдү. “Рейтер” агенттиги билдиргенге караганда, АКШ өкмөтү Анжияндагы кан төгүүнү эл аралык көз карандысыз иликтөөгө уруксат бермейин Өзбекстанга бериле турган 21 миллион доллар жардамды токтотуп койду. Өзбекстан бийлиги Анжиян козголоңуна катышы бар деп,120дай адамды камакка алган. Ушул күндөрү уланып жаткан сот жараянындагы 15 адам тең тагылып жаткан айыптарды мойнуна алышууда. Алардын үчөө - Кыргызстандын атуулдары.